"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, Кижази окуяга 40 мүнөткө чейин байкоо салып турган.
400 метр аралыктан кичинекей антилопаны байкаган жырткыч акырын аңдып келген. Арык, сыртынан караганда эле чарчаганы көрүнүп турган кичинекей жаныбар артынан келген коркунучту байкаган да эмес. Гид аны энесинен адашып калган окшойт деп жазган. Видеодон музоо алсыз болгондуктан көлөкө жерге да басып бара албай, кактаган күндө чымын-чиркейлерден куйругу менен чапкылап коргонуп турганын көрүүгө болот.
Жакындап келген кабылан музоого кол салардан мурда бир топко чейин буйдалып, секирбей аялдап турган. Сырттан байкоо салгандарга анын бала антилопаны же аяганы, же олжосунун алсыздыгынан улам качып кетпесин сезип, шашпай тиктеп турганы табышмак бойдон калган. Бирок акырында баары бир жырткычтыгын кылып кол салып, тамактан тиштеп, бадалды көздөй сүйрөп кеткен.
Гид Кижази кийинчерээк бадалдын ичинен кабыландын үч айлык күчүгүн көргөндүгүн жазып, демек, кабылан антилопага баласын тамактандырыш үчүн кол салган деген жыйынтыгын жазган.