Радио

Дүйшөналиев: дыйкандар балчылар менен тыгыз иштеши керек

Кыргызстандын Бал аарычылар ассоциациясынын төрагасы Жакшылык Дүйшөналиев Кытайга, Араб Эмираттарына жана АКШга бал экспорттолуп жатканын маалымдады.
Sputnik
Кыргыз балы сыртка чыгарып сатууга ыңгайлуу продукция, бирок ал көбүнчө сырьё түрүндө экспорттолууда. Бул тууралуу Жакшылык Дүйшөналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бал челекчилердин саны соңку учурда кескин көбөйүүдө.
"Бал өндүрүүчүлөр күн санап өсүүдө. Аталган продукцияны экспортко чыгарууга ыңгайлуу. Сертификатын, банкасын жана башка жагдайларды тууралаганга аракет кылган жеке компаниялар бар. Ошого карабастан бал көпчүлүк учурда сырье боюнча сыртка чыгарылып кетүүдө. Учурда Кытайга, Араб Эмираттары жана АКШга чейин экспорттоо колго алынууда. Бул тармакта көйгөйлөр дагы арбын. Бал челекчилердин саны өсүп жатканына байланыштуу тийиштүү маалыматтардын жетишсиздиги байкалат. Анткени өлкөдө өндүрүү технологиясы, ыкмалары Советтер Союзу учурунан бери келе жатат. Башкача айтканда, бул тармак жаңырууга муктаж. Учурда балчылар продукция чыгарууга гана маани берип, чаңдаштыруу колго алынбай келет. Чынында дыйкандар чаңдаштыруу аркылуу өз түшүмүн кыйла көбөйтсө болот. Чет өлкөдө дыйкандар бал челекчилерге өсүмдүктөрүн чаңдаштырып бергени үчүн акы төлөшөт. Биз дагы ушундайга жетишибиз керек. Кыргызстанда, тескерисинче, бал челекчилер акы төлөп калган учурлар бар. Ошону жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору демилгеленип, сунушталууда", — деди Дүйшөналиев.
Ошондой эле ал дүйнөдө аарылар жок болуп кетсе, Жер планетасы төрт жыл гана жашай ала турганын кошумчалады.