Өспүрүм кызды зордуктап жүргөн. Шектүү аны уурдай качканда кармалды

Шектүү 18 жаштагы кызды Кызыл-Кыядан Ош шаарына алып келип, автоунаасынан чыгарбай отурган жеринен милиция кармаган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Ош шаарында өспүрүм кызды эки жылдан бери зордуктап жүргөн деген шек менен 29 жаштагы Т.Д. аттуу киши кармалды. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Ош шаарында өспүрүм кызды эки жылдан бери зордуктап жүргөн деген шек менен 29 жаштагы Т.Д. аттуу киши кармалды
Билдирүүгө ылайык, ал 18 жаштагы кызга күч колдонуу менен Кызыл-Кыядан Ош шаарына алып келип, автоунаасынан чыгарбай отурган жеринен милиция кармаган.
"Тергөөнүн алгачкы маалыматы боюнча, шектүү жабырлануучу менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн. 2019-жылы эле бир нече ирет зордуктаган. Ошондон бери "сени зордуктаган учурду видеого тартып алгам" деп коркутуп жыныстык катнашка мажбурлаган. Кыз милицияга арыз жазуудан корккон. Ал убакта жабырлануучу 16 жашта гана болчу", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле кыз катуу коркуп калгандыктан "баланы камай турган болсоңор гана баарын айтам" деген шарт менен көрсөтмө бергени белгиленет.
Милиция Айзада Канатбекова өлтүрүлгөнгө чейин зордукталганын тастыктады
"Шектүү 18-майда кечинде кызды коркутуп, күч менен автоунаасына салып Кызыл-Кыядан Ош шаарына келген. Жолдо аны уруп, телефонун талкалап салган. Ал "башка жигит менен жүрөт экенсиң" деп кызганып, кол көтөргөн. 19-май күнү эртең менен саат 09.00дөр чамасында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, автоунаада отурган жеринен кармашты", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн Ош шаардык соту баш коргоо чарасын карайт.
Милициянын билдиришинче, кармалган жаран Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну, буга чейин Россияда иштеп келген. Ал эми кыз учурда 18 жашта, Кызыл-Кыя шаарындагы окуу жайлардын биринде билим алат.