Нарындыктар COVID вакцинасын 10 пунктудан сайдырууда. Тизме

Облустун беш районунда тең эмдөө пунктулары даярдалган. Кыргызстандыктар вирустан коргой алган россиялык "Спутник V" жана кытайлык Sinopharm вакциналарын алууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Нарын облусунун тургундары 10 эмдөө пунктунан COVID илдетине каршы вакцина ала алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, облустун беш районунда тең эмдөө пунктулары даярдалган:
Марттын этегинде Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөө башталган. Апрелдин ортосунан тарта Россиянын "Спутник V" вакцинасы келди.
Россиялык препарат чектелүү көлөмдө келип жаткандыктан жашы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда. Кытайдын вакцинасын каалоочулардын бардыгы алса болот. Негизинен жашы 18ге толгондорго эмдөөдөн өтүү уруксат. Ал эми кош бойлуулар жана бала эмизгендер албайт.