БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын имаратынын алдында митинг өтүүдө.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы ал жерге 10го жакын киши чогулганын, мындан сырткары, аларга байкоо салган адамдар жана журналисттер жүргөнүн билдирди.
Митингге чыккандар ал жерге боз үй тигип алышкан.
Нааразылыкка чыккандардын бири өзүн Токтобай Назаралиев деп тааныштырып, муфтийди Аалымдар кеңеши эмес, Кыргызстандын ар кайсы райондорунда жашаган эл шайлашы керек деген талап коюп жаткандыгын билдирди.
Алар Аалымдар кеңеши коррпуциялашкан орган деген пикирлерин айтышты.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысын тандоо сынагы 21-май күнү саат 14:30да өтөт. Ага ылайык, муфтийликке алты кишинин документи талапка жооп берди:
Ошондой эле муфтият 22-майда Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна, ал эми 24-25-майда Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө сынактар боло турганын айтты.
Ал эми муфтий, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы 29-майда Курултайда аймактан келген делегаттар тарабынан бекитилет.
Эске сала кетсек, 5-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII курултайы өтүп, муфтийлик кызмат ордуна, Аалымдар кеңешине жана Борбордук текшерүү комитетине өкүлдөр шайланары айтылган. Бирок 30-мартта талапкерлерди тандоо жылдырылган. Бул кызмат орундарга аттангандардын тыюу салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин жогорку билими боюнча документтерин кылдат текшерүү көп убакытты талап кылып жатканы менен түшүндүрүлгөн. Мындан сырткары, чагымчылардын Курултайды үзгүлтүккө учуратууга жасаган аракеттери жыйынды жылдырууга негиз болгону айтылган.