Чек арадагы үйлөр, COVID. Марипов маалкатпай аткарылчу иштерди тизмектеди

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган объектилерди калыбына келтирүүнү сапаттуу жүргүзүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо биринчилерден болуп жасалчу иштерден экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов азыркы экономикалык оор абалдан чыгуу негизги максат болуп тургандыгын айтып, өкмөттүн ишинин өзгөчө көңүл бура турган багыттарын тизмектеди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Министрлер кабинетине экономикалык туруктуулукту камсыздоо, экономиканы өстүрүү жана жарандардын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу, инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү милдети коюлган. Муну менен мамлекет тарабынан алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткаруу зарыл", — деген Марипов.
Ал маанилүү деген төмөнкү маселелерди чечүү зарылдыгын баса белгиледи:
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган инфраструктуралык, социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштерин сапаттуу жүргүзүү;