Кыргызстан менен Россиянын күч органдары 810 кг героиндин жолун бууду

Буга чейин УКМК Ош облусунда 13-май күнү 440 килограмм героин ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын күч органдары атайын операция жүргүзүп, 810 килограмм героин кармашты. Бул тууралуу Россиянын Федералдык бажы кызматынын сайтында жазылган.
Буга чейин УКМК Ош облусунда 13-май күнү 440 килограмм героин ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалганын билдирген.
1 / 3
Россия менен Кыргызстандын күч органдары атайын операция жүргүзүп, 810 килограмм героин кармашты
2 / 3
Буга чейин УКМК Ош облусунда 13-май күнү 440 килограмм героин ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалганын билдирген
3 / 3
Маалым болгондой, эгемендүүлүк алгандан бери биринчи ирет ири өлчөмдө баңгизат ташуу боюнча эл аралык наркоканал аныктоо иши жүргүзүлгөн
Маалым болгондой, эгемендүүлүк алгандан бери биринчи ирет ири өлчөмдө баңгизат ташуу боюнча эл аралык наркоканал аныктоо иши жүргүзүлгөн. УКМК жүк ташуучу унаадагы героиндин базардагы баасы 20 миллион доллардан ашык сумманы түзөрүн айтып, жүк ташуучу унаанын видеосун да жарыялаган.
Россиянын Бажы кызматы билдиргендей, баңгизатты Афганистан, Иран, Пакистандан ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу Чыгыш Европага жөнөтүү пландалган. Героин 200 килограммдан Нидерландга жеткирилмек. Бирок логистикалык схема аныкталып, биринчи төрт партиянын жолу буулган.
"Контрабандалык каналдын уюштуруучулары, аткаруучулары жана буларга жардам бергендер кармалды. Алар чет өлкөлүк жарандар болуп чыкты, арасында Евробиримдик өлкөлөрүнүн жарандары дагы бар", — деп айтылат маалыматта.
Атайын операцияны Россиянын Федералдык бажы кызматы, ФСБ жана ИИМдин өкүлдөрү, ал эми Кыргызстандан УКМК кызматкерлери жүргүзгөн.