Тыныбекова баштаган балбан кыздар Таллинде Poland Open мелдешине даярданат

Спортчу кыздарды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, дарыгер Бактыгүл Алишева жана массажист Константин Еремич коштоп барат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Poland Open рейтингдик эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Мелдеш 8-14-июнь күндөрү Варшава шаарында (Польша) өтөт.
"Спортчулар мелдешке даярдануу үчүн 22-майдан 7-июнга чейин Таллин шаарында (Эстония) өтө турган эл аралык окуу-машыгууга катышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Азат Усеналиев баштаган боксчулар Азия чемпионатында күчүн сынайт
Машыгуу жыйынына Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг) Мээрим Жуманазарова (68 кг), Нураида Анаркулова (59 кг) жана Назира Марсбек кызы (59 кг) катышары белгилүү болду.
Спортчу кыздарды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, дарыгер Бактыгүл Алишева жана массажист Константин Еремич коштоп бармакчы.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.