Өткөн суткада 298 кишиден коронавирус табылып, 6 бейтап көз жумду

Кечээтен бери коронавирус өлкөнүн Баткен облусунан башка аймактын баарынан табылган. Оору илештиргендердин ичинен 76 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 298 кишиден коронавирус аныкталып, 311 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 101 878ге жетти.
Айыккандар:
Оору илештирген 101 878 адамдын ичинен дартты 95 114 адам жеңген.
Тилекке каршы, бир сутка ичинде коронавирус алты адамдын өмүрүн алды. Анын ичинен үчөө Бишкекте көз жумса, үчөө Чүйдөн каза тапкан. Жалпысынан коронавирустан 1 735 адам ажал тапты.
Азыркы тапта стационарда жалпы 1 551 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 440 бейтаптын абалы оор болсо, 76 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда.