Жапаров элчилер менен консулдарды алмаштырып, жаңыларын дайындады. Тизме

Буга чейин ээлеген кызматынан үч аткаминер кетип, беш элчи жана консул дипломатиялык ишке киришкени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстандын чет өлкөдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери менен башкы консулдары алмашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Таалай Базарбаев Италиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болду. Аны менен катар эле БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фондундагы туруктуу өкүлү болуп иштеп баштады;