Көөнө Сөз

Манасчы "cапсалга" деген сөздү чечмелеп берди

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздүн маанисин чечмелеп, түшүндүрүп берди.
Sputnik
Ачкычты топтоп байлаган зымды "cапсалга" деп колдонсо болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, бул сөздүн мындан башка да бир нече мааниси бар.
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Эпосто кездешкен "сапсалга" деген сөздүн бир нече мааниси бар. Биринчиси — жылкыны быча турган жыгач. Дагы бир мааниси — адамды жазалоо үчүн колдонулган курал. Ал эми үчүнчү мааниси —  ачкычты топтоп байлаган зымды билдирет. Учурда ачкычтарды зымдан жасалган тоголок алкакка, башкача айтканда, брелокко киргизип алабыз. Анын аталышын деле көптөр биле бербейт. Мына ошол тоголок зымды "сапсалга" деп колдонсо эмнеге болбосун. Ошондой эле эпосто "сапсалгалоо" деген дагы кездешет. Ал бириктирип коюу, кошоктоп салуу деген маанини туюндурат", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал "Манас" баянындагы көөнө сөздөрдүн күнүмдүк турмушта көмөгү тие турганын кошумчалады.