Токаев ЕАЭБ алкагындагы кооперациянын айкын мисалын келтирди

Казак президентинин айтымында, илимий жана өндүрүштүк кызматташуунун тажрыйбасын башка тармактарга да жайылтууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Россиянын "Спутник V" вакцинасынын Казакстанда өндүрүлүшү ийгиликтүү кооперациянын айкын мисалы болду. Мындай пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин онлайн-форматта өтүп жаткан жыйынында айтты.
Ал белгилегендей, коронавирус оорусун азайтуу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө.
"Эң башкысы, массалык эмдөө өткөрүү керек. Казакстанда февралдан тарта россиялык "Спутник V" дарысы менен эмдөө активдүү жүрүп жатат. Россиянын жардамы менен бул дарыны өндүрүү биздин өлкөдө жолго коюлду. Бул ийгиликтүү илимий жана өндүрүштүк кызматташуунун айкын мисалы", — деген ал.
Токаев ошондой эле мындай тажрыйбаны башка тармактарга жайылтуу толук мүмкүн экендигин белгиледи.