Тилекке каршы, жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандардын статистикасы өсүүдө. Учурда республикада өлүмгө кептеген илдеттердин ичинен жүрөк оорулары биринчи орунда турат. Бул тууралуу Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 50 жаштан жогорку адамдардын жарымы гипертония менен жабыркайт.
"Биз жакында изилдөө жүргүзүп, курч жүрөк инфарктынын саны коронавирус инфекциясына байланыштуу жогорулап жатканын аныктадык. Ошентип 2019, 2020 жана 2021-жылдардагы маалыматтарды салыштырып көрсөк, инфаркт менен жабыркагандар 60 пайызга көбөйгөн. Андан тышкары, перикардит — жүрөктүн чел кабыгынын сезгенүүсү да көп кездешүүдө. Менин 15 жылдык тажрыйбам боюнча салыштырып айтсам, 2020-жылдын ортосунан азыркы убакка чейин өсүү байкалды. Коронавирус жеңил же симптомсуз өткөн болсо дагы гипертония, жүрөктүн коронардык оорулары жана башка илдеттерге чалдыгуу коркунучу жогору болуп жатат. Демек, коронавирустан айыккандан кийин калыбына келүү курсунан өтүү, жеңил көнүгүүлөрдү жасап сергек жашоо образын кармануу жана туура тамактанууга өтүү өтө маанилүү", — деди Осмонов.
Кардиолог инфаркт жана башка жүрөк оорулары жашарып, бүгүнкү күндө 20 жаштагы бейтаптар да кездешип жатканын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: