Баткендиктер төрт жерден коронавируска каршы вакцина алса болот

Эмдөө пунктулары Баткен жана Кадамжай шаарларындагы, Лейлек районундагы жана Кулунду айылындагы медициналык жайларда ачылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Баткен облусундагылар төрт жерден коронавирус оорусун алдын алган вакцинаны сайдыра аларын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Убактылуу ачылган эмдөө пунктулары:
Марттын этегинде Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөө башталган. Апрелдин ортосунан тарта Россиянын "Спутник V" вакцинасы келди.
Россиялык препарат чектелүү көлөмдө келип жаткандыктан жашы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда. Кытайдын вакцинасын каалоочулардын бардыгы алса болот.