Денесин аарыларга каптатып. Анжелина Жоли адаттан тыш фотосессияга тартылды

Жамыраган аары денесинде жүрсө да актриса дээрлик 20 мүнөт кыймылсыз, катыган бойдон туруп берген. Фотосессия Бүткүл дүйнөлүк аарылар күнүнө карата уюштурулду.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Голливуд актрисасы Анжелина Жоли аары уюгунда туруп National Geographic журналы үчүн сүрөт жана видеого тартылды. Бул долбоор жоголуп бара жаткан аарылардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн жасалган.
Тартылган сүрөт жана видео аталган басылманын Instagram баракчасына чыкты.
Фотосессия Бүткүл дүйнөлүк аарылар күнүнө карата уюштурулган.
Актрисанын денесине аарыларды өзүнө тартуучу атайын феромон сүйкөшкөн.
Голливуд жылдызы жамыраган аары денесинде жүрсө да дээрлик кыймылсыз, катыган бойдон турууга аргасыз болду.
"Аянтчада Анжелинадан башкалардын баары коргонуучу кийимчен болушкан. Аарылар тынчсызданбашы үчүн аянтча тынч жана караңгы эле. Актриса денесин аары каптаган бойдон, эч бир кыймылдабастан дээрлик 18 мүнөт турган", — деп айтылат билдирүүдө.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, адамдар жеген эң алдыңкы төрт азыктын үчөө аарылар тарабынан чаңдашат. Алар ошондой эле уй жеген бедени да чаңдаштырат.
АКШда пляжды каптаган миңдеген аары. Таң калтырган видео
Аарылардын чаңдаштыруусунан кийим-кече жана дары-дармек жасоодо колдонулган көптөгөн өсүмдүктөр өсөт. Дүйнө жүзү боюнча алар 200 миллиард доллардан ашык суммадагы азык-түлүк өндүрүшүн камсыз кылары белгиленди.
Аарычылык (аарыларды жайылтуу) Россия, Кытай жана Америка сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө кескин кыскарып кеткен. Жандыктардын массалык жок болуусуна химиялык заттардын таасири, табияттын булганышы жана климаттын өзгөрүшү себеп болуп жатканы айтылды.