"Манас" аэропортунда жыйынтыгы 1,5 саатта чыккан ПЦР-лаборатория ачылат

Түштүк кореялык инвесторлор бүгүн Кыргызстанда лаборатория ачат. Корпорация башчысы бир күндө 14 миң адам ал жерден ПЦР-тест тапшыра аларын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунда ПЦР-лаборатория ачыларын министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Нарындыктар COVID вакцинасын 10 пунктудан сайдырууда. Тизме
Ишкер айым анын компаниясы Кыргызстанга инвестиция тартууга кызыкдар экендигин жана алар "Манас" аба майданына лаборатория ачарын айткан.
Пак Хё Рин аталган лабораторияда бир күндө 14 миң адам ПЦР-тест тапшырып, анын жыйынтыгын бир жарым сааттан кийин алса болорун билдирди.
"Өлкөдө жакында туристтик сезон ачыларын эске алсак, республика аймагындагы мындай лабораториянын ачылышы туристтерди тартуу жаатында чоң мааниге ээ. Биздин милдет — Кыргызстанды СOVID-19га батып калбаган өлкөгө айландыруу. Бул өлкөгө туристтердин агылуусуна шарт түзөт", — деген Пак Хё Рин.
Марипов BS Group корпорациясынын иши медициналык тармакта гана эмес, экономиканын башка багыттарында да кеңейтилерине ишеним артты.