Жалал-Абаддын тургундары COVID вакцинасын 29 пунктудан сайдырат. Тизме

Республикада вакцина сая турчу медициналык жайлардын көбү дал ушул облуста ачылган. Бирок Россиянын Спутник V вакцинасы эки эле жерде бар.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны Жалал-Абад облусунун жашоочулары 29 эмдөө пунктунан сайдырат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
"Спутник V" вакцинасы Жалал-Абад шаарындагы №3 жана Сузак районундагы №1-5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда сайылат.
20-майга карата республика боюнча 60 миңден ашуун адам эмделди. Вакцина эки доза менен (аралыгы бир нече жума) сайыларын белгилей кетели.