Ысык-Көлдө COVID вакцинасын жети жерден алып жатышат. Тизме

Спутник V вакцинасын Көл өрөөнүндө үч шаардан жана төрт райондон алууга болот. Акыркы суткада облуста 28 кишиден вирус чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун жашоочулары коронавируска каршы вакцинаны жети пунктудан сайдырса болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Учурда кыргызстандыктар Кытайдын Sinopharm жана Россиянын "Спутник V" вакцинасын алууда. Экинчи препарат чектелүү көлөмдө келип жаткандыктан жашы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда.
Ысык-Көл облусунда убактылуу жети пункт уюштурулган:
Акыркы суткада облуста коронавирусту 28 киши жуктуруп, 22 адам айыкты.