Мурдагы башкы чекист Абдил Сегизбаев июлга чейин камакта калтырылды

Башкы прокуратура Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгонун, анын бири жашыруун экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Мурдагы башкы чекист Абдил Сегизбаев УКМКнын абагында 25-июлга чейин калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады.
Активист Жеңиш Молдокматов эки айга камакка алынды
Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгонун, бир иш жашыруун грифи менен өтүп жатканын кабарлаган. Көбү атайын кызматтагы ишмердүүлүгүнө, ошондой эле жерлерди мыйзамсыз алууга байланыштуу.
Сегизбаев президенттикке талапкер болгон. Шайлоодон эки жума өткөндөн кийин, 25-январда, кармалган.