Санариптик өнүгүү министри Дыйканбаев кармалды. Видео

Министрлер кабинетинин орун басары — санариптик өнүгүү боюнча министр Азамат Дыйканбаев
Аткаминер "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы боюнча иштин жүрүшүндө ири суммадагы пара талап кылган деп шектелген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүгүү боюнча министр Азамат Дыйканбаевдин кармалгандыгын УКМКдан кабарлашты.
Ал ири суммадагы пара талап кылган деп шектелүүдө.
"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет элдик компания Дыйканбаев долбоордун келишиминде каралган ишти бүтүрүү мөөнөтүн узартуу маселесин оң жакка чечип берүү үчүн ири суммадагы акча сураган деп арыз жазган. Анын негизинде атайын кызмат сотко чейинки өндүрүштү баштаганы маалым болду.
"Жүргүзүлгөн тергөөнүн натыйжасында 2021-жылдын 20-майында акча талап кылган деген шек менен Дыйканбаев кармалды. Ал УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Жакын аралыкта министрге аталган кылмышка шектелгени боюнча кабарланып, ал эми Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасы боюнча маселени карай турганы айтылды.
Дыйканбаев өкмөттөгү кызматка 5-майда дайындалган. Ага чейин Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин орун басары болуп иштеп турган.