Ошто мугалимдер сынагын жеңгендерге батир жана автоунаа тапшырылды. Сүрөт

Быйылкы сынакка Ош шаары боюнча жалпысынан 42 мугалим катышып, финалдык баскычка жети агай-эже чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ош шаарында "Жылдын мыкты мугалими-2021" сынагында жеңген жаш мугалимдерге батир жана автоунаа белекке берилди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3
1-орунга Ломоносов атындагы гимназия мектебинин кыргыз тили мугалими Капар Момуналиев татып, автоунаа тапшырылган
2 / 3
2-орунга №5 мектептин биология мугалими Айдана Кадырова татып, турмуш-тиричилик буюмдары жана компьютердик жабдуу белекке берилген
3 / 3
3-орунга илинген №38 орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Мөөргүл Мамытовага да ушундай белектер тапшырылды
Сынактын баш байгесин, батирди,  №52 кыргыз-түрк достугу мектебинин мугалими Ильгиз Шамырзаев утуп алган. Үй ага курулуш компаниянын демөөрчүлүгү менен берилген.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев
"Мугалим — балдардын сүйүүсүнө ээ болгон инсан. Сиздер ушундай даражасы бийик адамсыздар. Ошондуктан сиздерге канчалык колдоо кылсак да аздык кылат. Бул жолку сынак өзгөчө багытта уюштурулуп, чыныгы мугалимдик кесип барктуу экендигине баа берүүчү сынак катары өткөрүлдү. Конкурска катышкан ар бир талапкер өзүнүн аракетин, чыгармачылык дараметин, мыкты чеберчилигин жана өзүнүн чыгармачыл өнөрканасын көрсөтө алды деп ойлойм", — деген Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев.
Сынакка жалпы 42 мугалим катышып, финалдык баскычка жети мугалим чыккан.