Ош шаары менен Ош облусунда вакцина сайган жайлар. Тизме

Облус менен шаардагы айрым медициналык жайларда "Спутник V" вакцинасы жок экени эскертилди. Бул препарат өлкөгө саналуу өлчөмдө келген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ош шаары менен Ош облусунун тургундары кайсы жерден коронавируска каршы препарат сайдыра алары тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымат берди.
Ош шаарында 12 жай даярдалган:
Марттын этегинде Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөө башталган. Апрелдин ортосунан тарта Россиянын "Спутник V" вакцинасы келди.
Бишкекте вакцина ала турчу жайлардын жаңы тизмеси
Учурда Кыргызстан боюнча 57 миңден ашуун киши коронавирустан коргогон дары алган. Белгилей кетсек, препарат эки доза менен (аралыгы бир нече жума) сайылышы керек.
Россиялык препарат чектелүү көлөмдө келип жаткандыктан жашы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда. Кытайдын вакцинасын каалоочулардын бардыгы алса болот. Негизинен жашы 18ге толгондорго эмдөөдөн өтүү уруксат. Ал эми кош бойлуулар жана бала эмизгендер вакцина ала албайт.
Кыргызстан боюнча вакцина сайдырууга 100дөн ашуун пункт даярдалган.