Артём Новиков өкмөттөн кетти

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап жаткан Артём Новиков бүгүн башка ишке которулду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгын аркалаган Артём Новиков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаров администрациясынын бөлүм башчыларын дайындады. Тизме
Өкмөттүн маалымат кызматы азырынча Новиковдун ордуна ким келери белгисиз экенин маалымдады.
Эскерте кетсек, 5-майда кыргыз өкмөтү министрлер кабинети болуп өзгөрүп, анын төрагасынын биринчи орун басарлыгына Новиков дайындалган эле.