Жеки Чанга окшоп. Мушкер атаандашын 360 градуска чимирилип тээп сулаткан видео

Социалдык тармактарда 21 жаштагы америкалык мушкер Деанте Браундун 23 жаштагы атаандашы Нейтан Элтландды айланып башка тээп кулатып жеңген видеосу тарады.
Sputnik
Беттештин толук видеосун Impact Promotions өзүнүн YouTube-каналына чыгарган. 
WMBB маалымат сайтында айтылгандай, таймаш Флорида штатынын Панама-Сити шаарында Beatdown at the Beach 18 турниринде болгон.
Беттеш экинчи раунддун төртүнчү секундасында токтогону айтылды.
Тай боксчу Шерзод Кабутов атаандашын ичке тээп, нокаутка кетирди. Видео
Биринчи үч мүнөттүктө атаандаштар туруп мушташып, бири-бирин жерге жыгып, партерден таймаш жүргөн. Ал эми экинчи бөлүк башталбай жатып аяктады. Калыс раунддун башталганын билдирген соң Браун 360 градус чимирилип тээп, сокку атаандашынын башына таамай тийген. Ал эстен танып, сулк кулаган.
Соцтармактардын колдонуучулары комментарийлерде мушкердин ыкмасын Жеки Чан жана Жан-Клод Ван Дамм катышкан популярдуу тасмалардагы көрүнүштөргө салыштырышкан.