Радио

Сулайманова: мыйзамдарды инвентаризациялоо ушул жылда бүтүшү керек

Юстиция министрлигинин долбоорлорду жана актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Сулайманова мыйзамдарды инвентаризациялоо эмне максатта жүргүзүлүп жатканын айтып берди.
Sputnik
Мыйзамдарды инвентаризациялоонун негизги максаты аларды иретке келтирүү болуп саналат. Бул тууралуу Айнура Сулайманова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылдын 8-февралындагы президенттин жарлыгынын алкагында ошол кездеги мекемелер аралык комиссия түзгөн.
"Соңку 20 жылда бири-бирин кайталаган, карама-каршы келген мыйзамдар чыгарылып, арасында күчүн жоготпой калып калган ченемдер бар. Мына ошолорду иретке келтирүү үчүн жалпы мыйзамдарды инвентаризацияланууда. Бул багытта атайын мекемелер аралык эксперттик топ түзүлгөн. Мыйзамдарды толук тариздеп чыгуу мерчемделүүдө. Конституциялык түзүлүш жана эл аралык мамилелер боюнча, экономикалык маселелерди жөнгө салуучу мыйзамдарды караган, жаратылышты коргоо, суу маселеси жана региондорду өнүктүрүү жаатында, социалдык маселелерди жөнгө сала турган мыйзамдар боюнча, транспорт, коммуникация, архитектура, энергетика болуп алты топ түзүлдү. Мекемелер аралык топко министрлер, сот өкүлдөрү, депутаттар жана көз карандысыз уюмдардын өкүлдөрү, ар бир тармак боюнча серепчилер кирди. Алар мыйзамдардын мазмуну жагынан Конституцияга, кодекстерге жана тармактык мыйзамдарга каршы келбей турганын аныкташат. Ошого жараша тийиштүү чечимдер кабыл алынат. Жыл соңуна чейин бул иштерди толугу менен жыйынтыктоо мерчемделүүдө", — деди Сулайманова.
Ошондой эле ал иштебей, керектен чыккан мыйзамдарды жокко чыгаруу колго алынарын кошумчалады.