Радио

Тукубаева: медициналык камсыздандыруу алгандар 11 анализди бекер тапшырат

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Медициналык камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын башкы адиси Ханзада Тукубаева саламаттыкка кам көрүүдө кандай жеңилдиктерди алууга болорун айтып берди.
Sputnik
Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында айрым дарыканалардан дары-дармекти 90 пайызга чейин арзан алууга мүмкүндүк бар. Бул тууралуу Ханзада Тукубаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен иштешкен дарыканаларда медициналык полиси бар жарандар үчүн 50 пайызга чейин арзандатуу болот.
"Милдеттүү медициналык камсыздандыруу кепилдик программасынын алкагында жүргүзүлөт. Ага ылайык бир катар кызматтар акысыз көрсөтүлөт. Алсак, амбулатордук шартта жарандар жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна катталып, кан, заара, кант диабетинен, холестерин жана башка жалпы 11 анализди акысыз тапшыра алат. Мындан тышкары, жаран медициналык жактан камсыздандырылган болсо, бейтапканада өткөрүлчү изилдөөлөргө 50 пайыз арзандатуу болот. Ал эми катталбаса же медициналык камсыздандырылбаган жарандардан бул кызматтарга акы толук алынат. Автоматтык камсыздандырылгандарга иштегендер, пенсионерлер, жумушсуз катары катталгандар, аскер адамдары, 18 жашка чейинкилер жана студенттер кирет. Алар үчүн мамлекеттен каражат бөлүнөт. Ал эми стационардык шартта жарандар жеңилдиктерге жараша акы төлөйт. Ошондой эле мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында айрым дарыканалардан 90 пайызга чейин арзандатууларды алууга мүмкүндүк бар. Мындан тышкары, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен иштешкен дарыканаларда 50 пайызга чейин арзандатуу болушу ыктымал. Бул жеңилдиктерди алуу үчүн фонд менен иштешкен дарыканаларды тизмеден карап тактап алуу зарыл", — деди Тукубаева.
Ал жарандар 1 286 сомго бир жылдык камсыздандыруу полисин алса боло турганын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: