Радио

Рыскулов: менчиктештирилген мекемелер профилин өзгөртпөйт

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Канат Рыскулов приватташтыруунун алкагында менчикке берилген объектилер өз профили менен иштей турганын маалымдады.
Sputnik
Мамлекеттик мүлктү приватташтыруунун алкагында "стратегиялык" макамы берилген объектилер кайрадан каралып чыгат. Бул тууралуу Канат Рыскулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүүдө.
"Учурда иштебей турган мамлекеттик ишканалар бар. Аларга инвестор тартуу же кандайдыр бир холдинг уюштуруу сыяктуу аракеттер көрүлүшү зарыл. Мамлекеттик мүлктүн санын тактоо боюнча инвентаризация жүргүзүлүүдө. Ошол жыйынтыкталган соң так саны белгилүү болот. Ал эми бала бакча, курорт жана башка социалдык объектилер боюнча дагы иш жүрүп жатат. Алар өз профилин өзгөртпөй туруп ишин уланта бере тургандай шарт менен менчиктештирүү каралууда. Ошондой эле көптөгөн мамлекеттик ишканаларга "стратегиялык" деген статус берилип калган. Алардын арасында натыйжалуу иш алып бара албай калгандар да жок эмес. Ошондуктан мындай мекемелердин макамдары кайрадан каралып чыгат. Аларга инвестор тартуу же мамлекеттик жана жеке-өнөктөштүк жолу менен өнүктүрүү жолдору каралат. Менчикке өткөрүп берүү аукцион жолу менен жүргүзүлөт. Ага ылайык, мамлекеттик мүлктү алууну каалагандарга эч кандай чектөөлөр коюлбайт", — деди Рыскулов.
Ал мамлекеттик мүлктү менчиктештирген адам ага кошумча курулуш жүргүзүп же эскисин түрттүрүп салып пайдаланууга уруксат берилерин кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: