Муфтийди тандоо сынагы 21-майда өтөт. Талапкерлер белгилүү болду

Муфтий апрелде эле шайланышы керек болчу, бирок ар кандай текшерүүлөр жана чагымчыл аракеттерден улам тандоо жылдырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысын тандоо сынагы 21-май күнү саат 14:30да өтөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, муфтийликке алты кишинин документи талапка жооп берди:
Ошондой эле муфтият 22-майда Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна, ал эми 24-25-май Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө сынактар боло турганын айтты.
Ал эми муфтий, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы 29-майда Курултайда аймактан келген делегаттар тарабынан бекитилет.
Артём Новиков жаңы кызматка дайындалды
Эске сала кетсек, 5-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII курултайы өтүп, муфтий кызмат ордуна, Аалымдар кеңешине жана Борбордук текшерүү комитетине өкүлдөр шайланары айтылган. Бирок 30-мартта талапкерлерди тандоо жылдырылган. Бул кызмат орундарга аттангандардын тыюу салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин жогорку билими боюнча документтерин кылдат текшерүү көп убакытты талап кылып жатканы менен түшүндүрүлгөн. Мындан сырткары, чагымчылдар Курултайды үзгүлтүккө учуратууга жасаган аракеттери жыйынды жылдырууга негиз болгону айтылган.