361 киши вирус жугузуп, 4 бейтап каза болду. COVID боюнча статистика

Вирус жугузгандардын көбү мурдагыдай эле Бишкек шаары менен Чүй облусунда болуп жатат. Алардан кийинки орунда Ысык-Көл облусу турат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Өлкө боюнча бир сутка ичинде 361 кишиден коронавирус табылып, 320 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 101 580ге жетти.
Айыккандар:
Жалпысынан 94 803 бейтап дартты жеңди.
Тилекке каршы, өткөн суткада илдет дагы төрт адамдын өмүрүн алды. Анын ичинен экөө Бишкектен болсо, экөө Чүйдөн экени белгилүү болду. Жалпысынан коронавирустан 1 729 адам каза тапты.
Акыркы суткада 5 420 кишиге ПЦР-изилдөө жүргүзүлдү.