Көз уялткан сулуулук. "Дүйнө чүрөгү — 2021" сынагынын керемет сүрөттөрү

Sputnik

Салтка айланган жыл сайын өтүүчү сынак Голливудда (Флорида штаты) болду. Иш-чара 1971-жылга чейин АКШда гана өтүп келген. 1972-жылдан тарта ар кайсы өлкөдө уюштурулат.

Купальникчен лыжа тепкен сулуулар. Сочидеги фестивалдан укмуштуу сүрөттөр
Дүйнөдөгү эң абройлуу сынакта быйыл 73 өлкөнүн ай чырайлуу чүрөктөрү мөрөй талашты. Катышуучулар улуттук костюм кийип чыгып, өз максаттары жана жашоодогу багыты тууралуу айтышты. Калыстар тобу Бразилия, Доминикан Республикасы, Индия, Перу жана Мексиканын өкүлдөрү кирген беш талапкерди аныктаган. Мексикалык Андреа Меса жеңүүчү деп табылып, 2019-жылы "Дүйнө сулуусу" болгон Зозибини Тунзиден (ЮАР) таажыны алды.

2021-жылдагы дүйнөнүн эң сулуусу Мезе 26 жашта. Ал Чиуауа шаарында жашап, программист болуп эмгектенет. Бразилиялык өкүл экинчи орунга татыса, үчүнчүнү индиялык кыз ээледи.

1 / 28
АКШда "Дүйнө сулуусу — 2021" сулуулар сынагы өттү
2 / 28
Жыл сайын болуучу конкурс Флоридадагы Hard Rock Hotel & Casino отелинде болду
3 / 28
Жулия Гама (Julia Gama) Бразилия өлкөсүнүн намысын коргоп чыккан кыз
4 / 28
Сулуулар сынагы 1971-жылга чейин АКШда гана өтүп келген. 1972-жылдан тарта ар кайсы өлкөдө уюштурулат
5 / 28
АКШнын атынан катышкан Асия Бранч (Asya Branch)
6 / 28
Дүйнөдөгү эң беделдүү сынакта быйыл 73 өлкөнүн суйкайган кыздары мөрөй талашты
7 / 28
Катышуучулар улуттук костюм кийип чыгышты. Жашоодогу максаттары тууралуу айтып, келишимдүү дене мүчөсүн көрсөткөн купальникчен болуп сахнада басышты.
Сүрөттө: Вьетнам өлкөсүнөн келген чүрөк Нгуен Тран Кхан Ван (Nguyen Tran Khanh Van)
8 / 28
Калыстар тобу Бразилия, Доминикан Республикасы, Индия, Перу жана Мексика өкүлдөрү кирген башкы беш талапкерди тандады. Клара Ваврускова (Klara Vavruskova) сынакка Чехиянын атынан катышты
9 / 28
Таиланд өлкөсүнөн келген катышуучу Аманда Обдам (Amanda Obdam)
10 / 28
Сынакта мексикалык Андреа Мезе жеңүүчү деп табылды
11 / 28
Бразилиялык Жулия Гама байгелүү экинчи орунду ээлесе, индиялык кыз үчүнчү орун алды
12 / 28
Оливия Калпо менен Марио Лопес "Дүйнө сулуусу — 2021" сынагын алып барышты
13 / 28
Сынакта Никарагуаны Ана Марсело (Ana Marcelo) таанытты
14 / 28
Бул Пуэрто-Рикодон кеген Эстафания Сото (Estefana Soto)
15 / 28
Аиша Харуми Точиги (Aisha Harumi Tochigi) Япониянын атынан катышты
16 / 28
Коста-рикалык сулуу Ивонне Касканте (Ivonne Cerdas Cascante)
17 / 28
Бул сынакта Россиядан "Россия сулуусу — 2019" сынагынын жеңүүчүсү Алина Санько өлкө намысын коргоду
18 / 28
Конкурска келген кытайлык Жиасин Сан (Jiaxin Sun)
19 / 28
Филиппиндик сулуу Рабио Матео (Rabiya Mateo)
20 / 28
Франциянын намысын коргоп чыккан Амандин Петит (Amandine Petit)
21 / 28
Польшалык сулуу Наталья Пигуа (Natalia Pigua)
22 / 28
Перулук Яник Масета Дель Кастильо "Дүйнө сулуусу — 2021" сынагынын сахнасында
23 / 28
Вивиана Виццини конкурска Италиядан келген катышуучу
24 / 28
Оливия Калпо, америкалык модель жана актриса. 2012-жылы АКШнын жана Дүйнө сулуусу сынактарынын жеңүүчүсү
25 / 28
Колумбиялык сулуу Лаура Оласкуага дүйнөлүк сынактын сахнасында турган чагы
26 / 28
Таиланддык Аманда Обдам 2020-жылы дүйнө сулууларынын алдыңкы ондугуна кирген
27 / 28
Сынактын эң сулуу кызы 2019-жылдагы жеңүүчү түштүк африкалык Зозибини Тунзинин колунан таажы кийип жатат
28 / 28
2021-жылдагы дүйнөнүн эң сулуусу Андреа Мезе 26 жашта. Ал Чиуауа шаарында жашап, программист болуп эмгектенет