Centerra Кыргызстан койгон доону төлөөдөн баш тартса кантип өндүрөт? Жол-жобосу

Мамлекеттик комиссия экологиялык зыян жана салык төлөмдөрү боюнча жалпысынан 4,3 миллиард долларлык доо менен сотко арыз берүү корутундусун чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Эгер Centerra Gold Inc. компаниясы кыргыз тарап койгон экологиялык жана салыктан качуу боюнча доону төлөөдөн баш тартса, мүлкү камакка алынат. Бул тууралуу "Кумтөр голд" компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал кандай болбосун доону өндүрүп алуунун жолдору бар экенин белгилейт.
"Эгер сот чечим чыгаргандан кийин Centerra акчалай төлөй албай турган болсо, анын өндүрүп жаткан продукциясы жана мүлкү камакка алынат. Андан түшкөн пайданын баары өкмөткө түшө берет. Ошол механизмди колдонобуз. Бул жакта алардын 2,4 миллиард долларлык мүлкү бар. Андан сырткары жылына 18 тонна алтын чыгарып жатпайбы", — деди Жапаров.
Пресс-борбор
Шыкмаматов: "Кумтөр" маселесин цивилизациялык жол менен чечебиз
Белгилей кетсек, мамлекеттик комиссия 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард долларлык доо менен сотко арыз берүү корутундусун чыгарган.
Ал эми 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген. Андан соң ушул эле сот компаниядан камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2,1 миллиард сом жана 10,5 миллион сом мамлекеттик алым өндүрүү чечимин чыгарган.