БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бүгүн жааган жамгырдан кийин Бишкектеги Дэн Сяопин проспекти менен Алыкулов (Бишкек шаарына батыш тараптан кирген жер) көчөсүнүн кесилишин суу каптап, автоунаалар өткөн жолдо ири көлчүк пайда болгон.
Видео "Короче" Тelegram каналына жарыяланды.
Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек — Кара-Балта жолундагы суу каптаган учурлардан кийин абалды жөнгө салуу маселесин өзү көзөмөлдөй турганын айткан эле.
"Жамгыр жааган сайын шаардыктар көлчүктү кечип өтүп жатса каяктагы ыңгайлуу шарттар туурасында айтабыз. Мындай маселе жеринде чечилиши керек, аткаминерлердин айынан жөнөкөй эл жабыр тартып жатат", — деген анда Марипов.
Бул маселени чечүү Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоо менен түздөн-түз байланышы бар экендигин белгиленген.