Бишкекте вакцина ала турчу жайлардын жаңы тизмеси

Борбор калаадагы эки жеке клиникада дагы эмдөө жүргүзүлөт. Бирок акы төлөнбөйт. Алар учурда министрликтин улуттук календары менен иш алып барууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Коронавирустан коргогон вакцинаны Бишкектин 20дан ашуун жеринен алууга болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Белгилей кетсек, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынан тышкары жеке медициналык клиникаларда да эмдөө жүрүп жатат, бирок акысыз. Министрлик менчик жайлар адатта улуттук календарь боюнча башка вакциналарды, анын ичинде коронавирустан коргогон дарыны бекер саярын билдирди. Өлкөдө акы төлөп эмдөөдөн өткөрүү маселеси чечиле элек.
Эмдөөдөн өтө турчу пунктулар:
Эмдөө тууралуу суроолор боюнча 313297 тынымсыз линиясына же Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номерлери аркылуу байланышууга болот.
Бишкекте вакцинаны алдын ала онлайн жазылып алуу шарты бар. Учурда сынамык долбоор борбордо гана ишке ашууда.
Вакцина алууга электрондук дарек менен жазылууну каалагандарга төмөнкүлөр керек:
Марттын этегинде Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөө башталган. Апрелдин ортосунан тарта Россиянын "Спутник V" вакцинасы келди.
Бишкекте түнгө чейин иштеген эмдөөчү жай ачылды
Учурда Кыргызстан боюнча 57 миңден ашуун киши коронавирустан коргогон дарыны алды. Белгилей кетсек, препарат эки доза менен (аралыгы бир нече жума) сайылат.
Россиялык препарат чектелүү көлөмдө келип жаткандыктан жашы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда. Кытайдын вакцинасын каалоочулардын бардыгы алса болот. Негизинен жашы 18ге толгондорго эмдөөдөн өтүү уруксат. Ал эми кош бойлуулар жана бала эмизгендер албайт.