Сак болгула! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Министрлик катуу шамалдан улам борбор калаада жана Чүй облусунун аймагында жашагандарды сак болууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкекте жана Чүй аймагында жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Жакынкы бир саат аралыгында, кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт", — деп айтылган маалыматта.
ӨКМ мындан улам элди сак болууга чакырды.