Акула бөлө чайнап салган деңиз жаныбары. Видео

Түштүк Африканын аймагындагы Сил аралынын жээктерин 10 миңге чукул деңиз мышыгы байырлайт.
Sputnik
Сырттан караганда байкалбаганы менен алардын жашоосунда кооптуу учурлар көп кездешет.
BBC операторлору Earthflight — Episode 2, Africa деп аталган сериал тартып жатып, уникалдуу бир көрүнүшкө туш болгон. Ири акула деңиз мышыгынын артынан сая түшүп, акыры аны олжолоп тынган. Кууп жетип, туйлаган жаныбарды арсайган азуулары менен кырчып салганын көрүүгө болот. Мындай даяр тамакты бийиктиктен байкап турган чардактар жана башка канаттуулар ошол замат учуп келип, сууда калкып калган эттин бөлүктөрүн заматта талап жеп кеткен.