Кыргызстанда ЖРТ башталды. Жетишпей калгандар качан тапшырса болот?

Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүүгө өлкө боюнча 42 817 абитуриент катталган. Азыркы тапта ЖРТнын биринчи туру жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, ЖРТнын 1-туру кечээ башталып, бүгүн, 19-майда, уланууда. 1-турга жетишпей калгандар 2-3-турга катышса болот. 2-туру 21-22-майда, ал эми 3-тур 22-23-июнда өтө турганы маалым болду.
"Тестирлөө 115 борбордо жүрүүдө. Ал жакта бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун жана ден соолугун камсыз кылуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Медициналык кызматкерлер да иштеп жатат. ЖРТдан өтүүгө өлкө боюнча жалпы 42 817 абитуриент катталган", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик тестирлөөгө Кыргызстандын орто жана орто кесиптик билими бар жарандары катыша аларын белгиледи.