Жапаров Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындады

Жапаров бүгүн үч жарлыкка кол койгон. Алардын экөө президенттик администрациясындагы канцеляриянын бөлүм башчыларына, бирөө кичинекейлердин укугуна тиешелүү.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстанда Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүккө Жыпариса Рысбекова дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Президент Садыр Жапаров андан сырткары дагы эки жарлыкка кол койгон.
Жапаров администрациясынын бөлүм башчыларын дайындады. Тизме
Президенттик администрациянын канцеляриясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин, башка актыларды аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчылыгына Айгүл Арипова бекитилген.
Президенттик администрациянын канцеляриясынын орун басар жетекчиси — иш кагаздарын жүргүзүү, регламент жана жыйналыштарды уюштуруу бөлүмүнүн башчылыгына Уланбек Усеков дайындалган.