УКМК кармаган Василий Дашков прокурордун өтүнүчү менен үй камагына чыкты

Дашковдун ири өлчөмдөгү алдамчылык беренеси боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалганы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Жээнбековдун парламенттеги өкүлү болгон Дыйканбаев үй камагына чыкты
Дашковдун Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык")  менен айыпталып УКМК тарабынан кармалганы белгилүү болду.
Василий Дашков "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасына 2020-жылдын 11-апрелинде жетекчи болуп дайындалып, быйыл 31-мартта кызматтан алынган. Ага чейин ушул эле мекеменин жетекчисинин инвестиция тартуу жана курулуш маселелери боюнча орун басары болуп иштеген.