Депутаттын кыргыз-тажик чек арасында абал курч деген сөзүнө УКМК жооп берди

УКМК жарандарды кыргыз-тажик чек арасындагы абал эми турукташып калганда кайрадан курчуткан билдирүүлөрдү таратпоого чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиевдин Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында коркунуч жаралып жаткандыгы тууралуу билдирүүсү боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үн катты.
"Мамлекеттик чек аранын Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен тилкесинде абал туруктуу. Өлкөнүн чек ара боюнча ведомствосу коопсуздукту камсыздоо үчүн бардык аракеттерди көрүп, мониторинг жүргүзүлүп жатат. Кандай гана кырдаал түзүлбөсүн УКМКнын Чек ара кызматында ыкчам реакция кылууга каражат жана мүмкүнчүлүк жетиштүү", — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргызстан элине ыраазымын. Рахмондун оппозициясы менен Бишкекте элдешкен видеосу
Ошондой эле УКМК жарандарды кыргыз-тажик чек арасындагы абал эми турукташып калганда кайрадан курчутуп ийчү билдирүүлөрдү таратпоого чакырат.
Эске салсак, бүгүн парламентте эл өкүлү Аккулу Бердиев Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында коркунуч жаралып жаткандыгы тууралуу айткан. Көп өтпөй анын сөзүн Чоң-Алай районунун акими Өскөнбай Мамажакыпов дагы төгүнгө чыгарган.