Руслан Казакбаев Душанбеде Сергей Лавров менен жолукту

ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны Тажикстанда өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен кезикти. Жолугушуу бүгүн, 19-майда, ЖККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери кеңешинин кезектеги отурумунун алкагында болгонун ТИМден кабарлашты.
Тараптар алдыдагы тышкы саясий иш-чараларды, буга чейинки келишимдердин аткарылышын талкуулашты.
“Кыргыз-Россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана аймактагы кырдаал боюнча ой- пикирлер айтылды. Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосунда буга чейин каттаган темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну жана унаа кыймылын толук кандуу жандандыруу маселелерин талкуулашты”, — деп айтылат билдирүүдө.
Министр Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши менен Кытайдан жолукту
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча Кыргызстандын аракеттерин кубаттап, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин улантуу зарыл экенин белгиледи.
Эске салсак, ЖККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери кеңешинин кезектеги жыйыны Тажикстанда өттү.