5 миң сомго чейин үнөмдөө. "Газпром" газга туташуу боюнча акция жарыялады

Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тургундарына көгүлтүр отко туташуу боюнча акция башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ишканасы ушул жылдын 31-августуна чейин өлкөнүн бир катар аймактарында жаратылыш газына туташуу боюнча акция жарыялады. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылат.
Аталган акция республиканын Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тургундарына гана тиешелүү болуп саналат.
"2021-жылдын май айынан 31-августуна чейин аталган аймактардын жашоочуларына көгүлтүр отко арзан наркта туташуу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул үчүн "Газпром Кыргызстандын" жакын жердеги калкты тейлөө борборуна же GAZPROM KG мобилдик тиркемесине газ киргизүү боюнча арыз берүү зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.
Жай мезгилинин аягына чейин газдаштыруу боюнча талап кылынган айрым жумуштарды компания акысыз жасап берери белгиленет. Төмөндө тизме келтирилди:
"Газпром Кыргызстан" кошумчалагандай, жыйынтыгында кардар орточо үч миң сомдон беш миң сомго чейин үнөмдөйт.