Кыргызстан баалуу металлдын бирин азыраак сата баштады

Быйылкы жылдын январь-март айларында Кыргызстан чет жакка эки тоннадан ашуун күмүш саткан. Баалуу металлдын жалпы баасы 1,7 миллион долларды түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айынын жыйынтыгы менен Кыргызстан 2 тонна 69 килограмм күмүш экспорттогон. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Мурунку 4 президенттин тушунда Centerra канча алтын ташып кеткени айтылды
Экспорттун көлөмү эмнеге төмөндөп кеткени айтылган жок.
Белгилей кетчү жагдай, алтын сырт жакка мындан да азыраак чыгарыла баштады. Мунун баары бир катар көйгөйлөр менен байланыштуу экени айтылууда. Анын ичинде ушу тапта Кумтөр кенинин алтыны аз жери өздөштүрүлүп жатканы да бар.