Соңку бир күндө 253 адамдан коронавирус аныкталып, 7 бейтап каза болду

Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы ооруканаларда 1 569 бейтап жатат. Алардын ичинен 86 адамдын абалы өтө оор экени айытылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде Кыргызстанда 253 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, 315 киши илдеттен сакайып чыкты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Ал эми жети бейтап оорунун кесепетинен каза болду. Алардын экөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда, бирөө Таласта, дагы бирөө Ысык-Көлдө дарыланып жаткан. Көз жумгандардын жалпы саны 1 725 болду.
Оору катталган аймактар:
Ушуну менен пандемия башталгандан бери COVID-19 жуктургандар 101 219га жетти.
Ооруну жеңип чыккандар:
Бүгүнкү статистиканы кошкондо коронавирустан айыккандардын саны 94 483тү түздү.
Ушул тапта өлкө аймагындагы ооруканаларда 1 569 бейтап жатат. Алардын ичинен:
Ал эми 2 427 киши үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.
Акыркы сутка ичинде 5 472 жаранга ПЦР-изилдөө жүргүзүлгөн.