Коронавирус менен сезондук аллергияны кантип айырмаласа болору айтылды

Адистин айтымында, адам буга чейин аллергия менен жабыркап жүргөн болсо белгилерин айырмалай алат. Бирок кокус коронавируска кабылып калса, аллергия кармап жатат деп жүрө бериши да мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жаз-жай айларында бак-дарактардын гүлдөшүнөн пайда болгон сезондук аллергияны коронавирус менен алмаштырып алгандар бар. Себеби айрым симптомдору окшош экенин РИА Новостиге дарыгер-инфекционист Андрей Поздняков айтып берди.
Адистин билдиришинче, респиратордук аллергоз менен коронавируста дагы мурун бүтүп, жөтөлүп, дем кысылып, баш ооруп, ууланган сыяктуу белгилер болот.
Аллергия мээни да сезгендириши мүмкүн. Аллерголог Абдылдаев менен маек
Ал эми айырмасы — коронавирус инфекциясында ууланган синдром даана байкалат, тагыраагы, адам такыр эле шайы кетип, денеси оорлошуп, эч нерсе кыла албай калат. Аллергоздо респиратордук белгилер көп болот, ошол эле учурда бат чарчоо байкалат.
Поздняков белгилегендей, адам буга чейин аллергия менен жабыркап жүргөн болсо белгилерин айырмалай алат. Бирок кокус коронавируска кабылып калса, аллергия кармап жатат деп жүрө бериши да мүмкүн. Ошондуктан дарыгерге кайрылган оң.
Адис коронавирусту аныктоо үчүн ПЦР-тест тапшырып, сактануу үчүн вакцина алып, оорулуулар менен байланышпоону эскертти. Аллергияда дагы байланышты азайтуу керек.