"Чек арасыз жумуш" тиркемеси Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жумушка орношууда тобокелчиликтерди азайтат. Бул тууралуу Азамат Айтбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин эмгек мигранттары тааныш-билиштери аркылуу жумуш издеп, кээде ар кандай жагымсыз жагдайларга туш болуп калган учурлар болуп турган.
"Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында жумушка орношуу үчүн "Чек арасыз жумуш" ("Работа без границ") тиркемеси иштелип чыгууда. Бул уюмдун алкагында жумуш берүүчү жана эмгек мигранттарынын ортосунда байланышты жеңилдетет. Мигранттар көпчүлүк учурда тааныштар аркылуу "сарафандык радио" ыкмасы менен иш табышат. Ал тургай айрым учурларда кадимки жарнама менен адамдарды топтоп кетип, натыйжада ар кандай жагымсыз, мыйзамсыз окуяларга дагы туш болуп келишет. Ал эми тиркеме аркылуу жумуштун шарттары, жоопкерчиликтери такталып, легалдуу жумушка орношууга мүмкүндүк түзүлөт. Анткени өлкө ичинен келишим түзүп алса болот. Натыйжада жарандардан бир аз тыйын алып жумушка орноштурууну сунуштаган ортомчу компаниялар жоголот", — деди Айтбаев.
Ал тиркеме ишке кирсе тиешелүү мамлекеттик органдар эмгек мигранттарына аны колдонуу жол-жобосун көрсөткөн маалыматтарды таратышы зарылдыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 1-июлдан тарта "Чек арасыз жумуш" унификацияланган издөө тутуму" иштеп баштайт. Аталган долбоор уюмдун ичиндеги жумуш орундарын жана жумушчулардын базасын кароого багытталган. Анын жардамы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары жумуш орду жөнүндө маалымат алып, жумуш берүүчү менен бардык жактарын талкуулоого мүмкүндүк алат.