Бишкектин четинде 200дөй киши жолду жабууга аракет кылды. Видео

Кырдаалды жөнгө салуу үчүн окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери жолду ачты. Эл суунун өчүрүлүшүнө нааразы болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкектин чыгыш бөлүгүндө 200дөй киши автожолду жаап алууга аракет кылды. Алар суунун өчүрүлүшүнө нааразы болуп жатканын жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Окуя бүгүн саат 22:00 чамасында Анкара жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде болду.
Чогулган эл алар жашаган Рухий Мурас конушуна бир нече күндөн бери суу берилбей жаткандыктан ушундай кадамга барышканын айткан.
Буга чейин "Бишкек суу каналы" ишканасы маалымат таратып, айрым конуштарда ичүүчү сууга болгон карыз 17,9 миллион сомго жеткендиктен, суу жеткирүүнүн көлөмү чектелгендигин билдирген.
Бирок чогулгандардын арасынан таптакыр карызы жок экенин айткандар бар.
Кырдаалды жөнгө салуу үчүн окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери жолду ачты. Учурда чогулгандардын саны азаюуда. Ошондой эле жерине Лебединовка айыл өкмөт башчысы келгени дагы айтылууда.
1 / 3
Бишкектин чыгыш бөлүгүндө 200дөй киши автожолду жаап алууга аракет кылды
2 / 3
Окуя бүгүн саат 22:00 чамасында Анкара жана Ауэзов көчөлөрүнүнү кесилишинде болду
3 / 3
Чогулган эл алар жашаган Рухий Мурас конушуна бир нече күндөн бери суу берилбей жаткандыктан ушундай кадамга барышканын айтышты.