Мэрия: 124 троллейбус текшерилди, элдин көбү бет капсыз жүрөт. Сүрөт

Борбор калаада аптасына эки ирет рейд болуп турары кабарланды. Бул ирет текшерүү эл көп топтолгон аялдамалардын аймагында жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Коронавирус боюнча абалдан улам Бишкекте 124 троллейбус текшерилип, андагы жүргүнчүлөрдүн дээрлик көпчүлүгү санитардык режимди сактабай, бет кап тагынбай жүргөнү аныкталды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 4
Коронавирус боюнча абалдан улам Бишкекте 124 троллейбус текшерилип, андагы жүргүнчүлөрдүн дээрлик көпчүлүгү санитардык режимди сактабай, бет кап тагынбай жүргөнү аныкталды
2 / 4
Коомдук транспорттогу санитардык абалды текшерүүгө Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчилиги Талант Капаров катышкан
3 / 4
Алар жүргүнчүлөр көп аялдамаларда болуп, айдоочулар менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн
4 / 4
Пандемия шартында санитардык эрежелерди бузгандарга алгач эскертүү берилип, ал экинчи ирет кайталанса Эреже бузуулар кодекси боюнча административдик протокол түзүлүп, айып салынат
Коомдук транспорттогу санитардык абалды текшерүүгө Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчилиги Талант Капаров катышкан. Алар жүргүнчүлөр көп аялдамаларда болуп, айдоочулар менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Пандемия шартында санитардык эрежелерди бузгандарга алгач эскертүү берилип, ал экинчи ирет кайталанса Эреже бузуулар кодекси боюнча административдик протокол түзүлүп, айып салынат.
"Жалпысынан 124 троллейбус текшерилип, жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү бет кап тагынбай жүргөнү аныкталды. Шаардыктарга мындай санитардык текшерүүлөр айып пул салуу үчүн эмес, бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, колду дезинфекциялап туруу эрежеси зарыл экендигин эске салуу үчүн жасалып жатканын айтып кетмекчибиз", — деп билдиришти маалымат кызматы.
Мындай рейд аптасына эки ирет жүргүзүлүп турары кабарланды.
Кыргызстанда учурда коронавирус менен ооругандардын жана каза тапкандардын саны кайра көбөйө баштады. 19-майдын статистикасы боюнча, COVID-19 жети кишинин өмүрүн алды.