Күйүүчү май менен алтын кымбаттап, доллардын баасы түшүп жатат

Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкекте доллардын баасы бир аз арзандап, ал эми күйүүчү май айрым май куюучу жайларда кымбаттады.
Шейшемби күнү эртең менен коюлган бааларга салыштырмалуу акча алмаштыруу жайларында доллар сатып алуу 29 тыйынга (83,57 сом), сатуу 30 тыйынга (84,97 сом) төмөндөгөн. Евро, рубль жана теңгенин баасында билинер-билинбес гана өзгөрүү болду.
"Газпромдо" күйүүчү майдын бардык түрү 30 тыйынга кымбаттады:
"Роснефть":
"Газпром нефть Азия":
Ал эми алтындын баасы бир топ жогорулап, бир граммы 32 сомго кымбат сатыла баштады.