"Президент болмокмун" деп Ак үйгө келген кишини медиктер алып кетти. Видео

Өзүн адаттан тыш алып жүргөн кишинин Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турганы тастыкталды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Борбор калаадагы Жогорку Кеңештин имаратына келип өзүн башкача алып жүргөн кишини алып кетүү үчүн Тез жардам чакыртылды.
Окуя болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.
Кадрдан көрүнгөндөй, классикалык кийим кийген кишини медиктер алып баратышат, бирок ал каршылык көрсөтүүдө. Алардын жанында милиция менен имаратты кайтарган күзөт кызматкерлери турат.
Ыкчам медицина борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын билдиришинче, кечээ саат 19:02де 102 линиясы аркылуу чакыруу түшүп, өзүн адаттан тыш алып жүргөн киши тууралуу кабар берилген.
"Тез жардам бригадасы барганда 35 жаштагы киши Жогорку Кеңешке келип, президент болгусу келгенин айтканы белгилүү болгон. Ал парламенттин аппарат кызматкери эмес, чоочун адам болуп чыккан. Кийинчерээк Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турганы тастыкталды", — деди Шаяхметов.
Мындан улам медиктер бейтапты аталган борборго жеткиришкен.