Сузакта мал айдап баратып сууга аккан 6 жашар баланын сөөгү табылды

Издөө иштерине ӨКМден 13 куткаруучу тартылган. Кечки саат 17:00дө баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алты жаштагы бала сууга агып көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
М. уулу М. аттуу бала райондун Калмак-Кырчын айылында мал айдап баратып Көк-Арт дарыясына агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
"Издөө иштерине ӨКМден 13 куткаруучу тартылган. Кечки саат 17:00дө баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.
Издөө иштерине баланын туугандары да катышкан.